Пятница, 17 мая

Вирус таасирин жоготууда

0

Кыргызстанда бир сутка ичинде 135 кишиде коронавирус (пневмонияны эске алганда) аныкталды. Анын ичинен 57 адамдан Covid 19 вирусу табылса, 78 кишиге пневмония деген диагноз коюлду. Бул тууралуу онлайн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 41 миң 991 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 35
  • Ош – 1
  • Чүй облусу – 21
  • Ош облусу — 13
  • Талас облусу – 3
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 15
  • Жалал-Абад облусу – 25
  • Баткен облусу — 19

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз