Четверг, 2 мая

Кытай азырынчы карызын доолабайт

0

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, Кытай Эл Республикасы азырынчы Кыргызстанга берген карызын доолабай тураарын айтты. Бактыгулова, Кытай Кыргызстан менен катар бир нече өлкөгө карызды төлөөнү кечээндетээрин, мындай чечимдин алынышына пандемиянын социалдык-экономикалык абалга тийгизген таасири себеп болгонун айтты.

Элчи Кыргызстандын экономика министрлиги менен Кытайдын Ексимбанкынын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатканын, Кыргызстандын элчилиги да бул сүйлөшүүлөргө керектүү саясий-дипломатиялык көмөк көрсөтүп жатканын маалымдады.

Кыргызстандын тышкы карызынын жарымына жакыны, башкача айтканда 1,7 миллиард доллары Кытай Эл Республикасына таандык. Кытайдан карызга алынган акчалар негизинен чоң энергетикалык жана инфраструктуралык проекттерге жумшалган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз