Пятница, 17 мая

Кысымга кабылган «Ыйман Нуру» саясий партиясынын төрагасы шайлоого катышпайт

0

Кысымга кабылганы айтылган «Ыйман Нуру» саясий партиясынын төрагасы шайлоого катышпайт

«Ыйман Нуру» саясий партиясынын төрагасы, «Ихлас» курулуш компаниясынын ээси Айбек Осмонов алдыдагы шайлоого катышпай турганын жарыялады. Ал партия лидерлигинен да кетерин билдирди.

«Мен өзүм үчүн депутаттык мандатсыз эле элге жана Кыргызстанга пайда келтире алам деген ойго келдим. Менин келечекте өлкөбүздү өнүктүрүү жана ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң пландарым бар», деди ал.

Айбек Осмонов «Ыйман Нуру» партиясы парламенттик шайлоого катышарын да айтты.

Буга чейин «Ыйман Нуру» партиясынын саясий кеңеши уюмдун жетекчилиги кысымга кабылганын айтып чыккан.

Бир тууган Айбек жана Нурбек Осмоновдор азыр Мирлан Бакиров жетектеп турган «Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген.

Ага-ини Ош шаарында электромобил чыгаруучу завод, текстил фабрикасын, Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү завод жана текстил фабрикасын курушкан.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз