Четверг, 2 мая

Көпчүлүк аймактарга жаан жаайт

0

18-августта эртең менен жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо жаан карга айланат. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +21…+26

Талас облусунда +20…+25

Баткен облусунда +31…+36

Ош, Жалал-Абад облустарында +24…+29

Ысык-Көл облусунда +21…+26

Нарын облусунда +14…+19

Бишкек шаарында эртең менен жана күндүз нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы күндүз +24…+26 градустун айланасында болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз