Понедельник, 25 ноября

«Ата Журт» партиясы: «Мекеним Кыргызстан» менен бириккен жокпуз»

0

«Ата Журт» партиясынын басма сөз кызматы билдирүү таратып «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен бириккени жана парламенттик шайлоого чогуу барууга камынып жатканы тууралуу маалыматты четке какты.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы бүгүн эки партия бириккенин, меморандумга кол коюлганын кабарлаган жана эки партиянын лидерлери Мирлан Бакиров менен Акматбек Келдибековдун кол алышкан сүрөттөрүн жарыялаган.

«Ата Журт» партиясынын басма сөз кызматы билдирүү таратып, Келдибеков өзү башка партиянын курамында шайлоого аттанууга акысы бар экенин, бирок партиянын атынан меморандумга кол коё албай турганын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз