Воскресенье, 19 мая

Жириновский: «Орто Азия өлкөлөрүн Орусияга каратып алуу керек»

0

Орусиянын парламентинин депутаты, ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский, СССР убагындагы жерлерди Орусияга кайтарып алууну жана СССРдин таркашы менен пайда болгон республикаларды Орусиянын курамына киргизүү керек экенин айтты.

СССР таркаган соң Орусиянын жүргүзгөн саясаты туура эмес болгонун айткан Жириновский, «Сүйлөшүүнүн убактысы өттү, катуу чараларды көрүп, кыймылдаш керек» деди. Александр Лукашенко тууралуу «акыркы большевик кетип жатат» деп, эч кандай эгемендүү республика болбошу керек экенин, баарын Орусиянын курамына киргизүү зарыл экендигин жактады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз