Орус коргонуу министрлигинин маалыматына ылайык, орус аскерлеринин колоннасы бара жаткан жолдо жарылуу болуп орус аскерий кызматкери өлдү. Генерал-майор наамындагы бул аскерий кызматкерден сырткары эки орус жоокери жарадар болду.
Жарылуу Дейр-эз-Зор аймагында жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иштеринен кайткан учурда болгон. Жаракат алган генерал ооруканага жеткирилген, бирок көрсөтүлгөн жардамга карабастан курман болгон.
Орусия 2015-жылдан бери Сирияда аскерий операцияларды ишке ашырып келет. Орусия Сирияда жыл сайын ондогон аскерлерин жоготууда.