(Видео) Малиде төңкөрүш болуп президент, премьер-министр жана спикер кармалды

0

Батыш Африкадагы Мали өлкөсүндө аскерлер төңкөрүш кылып президент Ибрахим Бубакар Кейта жана премьер-министр Бубу Сиссени кармашты. Өлкө жетекчилеринин борбор шаардан 15 километр алыстыктагы Кати аскерий базасында камоодо экени белгилүү болду.

Муну менен катар парламенттин спикери, президенттин уулу, министрлер жана жогорку даражалуу генералдар да камоого алынды. Аскерий төңкөрүштү Кати аскерий базасындагы аскерий мектептин жетекчиси генерал Садио Камара жетектеп жатканы маалымдалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз