Пятница, 17 мая

Боронов таза суу маселесин козгоду

0

Жыл аягына чейин 79 айыл таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, донордук каражаттардан сырткары республикалык бюджеттен 250 млн сом бөлүндү. “Учурда кошумча 250 млн сом бөлүп берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. 2020-жылы сырттан келген каражаттардын бөлөк республикалык бюджеттен жалпы 500 млн сом бөлүнүп, таза суу менен камсыз кылуу багытында башталган иш-чаралар аягына чыгарылат”, — дейт ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз