Пятница, 3 мая

Коррупционерлерден өндүрүлгөн акчага мектеп курулууда

0

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка 3 мектеп куруу пландалууда.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка курула турган мектептердин жалпы саны 15. Долбоордун жалпы суммасы 1 млрд 199 млн сомду түзөт. Тендердик баасы — 851,9 млн сом.

Архитектура агенттигинен билдиришкендей, бардык объекттердин долбоордук-сметалык документтери даярдалып, курулуш-монтаж иштерине сынактар өткөрүлгөн. 15 мектепте тең курулуш иштери башталган.

Жыл аягына чейин төмөндөгү 3 мектептин курулуш иштерин аяктоо пландалууда:

Бишкек шаарындагы №12 гимназиянын кошумча имараты;

Чүй облусундагы Сокулук районунун Орок айылындагы мектеп;

Ош шаарындагы Нариман атындагы №7 мектептин кошумча имараты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз