Вторник, 21 мая

Өткөн суткада коронавирустан бир да киши өлгөн жок

0

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Буга чейин коронавирустан 1 миң 54 адам каза болгону айтылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 507 кишини түзөт. Алардын ичинен 35 миң 486 киши айыгып чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз