Воскресенье, 24 ноября

Оппозиционер Алексей Навальный ууланып комада жатат (Видео)

0

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ууланып комага түштү. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш «Твиттерге» жазды. Ярмыш Навальный эс-учун жоготкон абалда Омскидеги ооруканада дем алдыруучу аппаратта жатканын айтты.

Навальный бүгүн эртең менен Томск шаарынан Москвага учуп бара жатканда абалы начарлап, эс-учун жоготуп жыгылган соң учак Омск шаарына чукул конгон. Ярмыш саясатчыны «чайга кошулган бир нерсе менен» ууландырышы мүмкүн деп шек санап жатат.

Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальный Орусиядагы бийликти сындаган эң таанымал саясатчылардын бири болуп эсептелинет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз