Пятница, 22 ноября

Казакстанда 25 жыл кулчулукта жөргөн аял Кыргызстанга кайтып келди

0

Казакстанда 25 жыл кулчулукта жүрүпп, көрбөгөн азабы калбаган Эльмира Корчиева аттуу Кыргыз жараны мекенине кайтып келди.

Документи жок болгондуктан, аны кулчулукта кармап турган адамдан качып кете алган эмес. Ээсинин жумушун кылып, жан багып жүргөн жеринен аны казак полиция кызматкерлери байкап калышкан. Казакстандын полициясы Кыргызстандын Ыссык-Көл областынын Ак-Суу районунун ички иштер бөлүмү менен байланышып анын аты-жөнүн такташкан.

Алмата шаарындагы Кыргызстандын консулдугу болсо, Эльмира Корчиевага документтерди даярдап берген. Анын эркиндикке чыгуусуна Кызылай Коому көмөк көрсөткөн.

Буга чейин да көптөгөн Кыргыз жарандары Казакстанда кулчулукта жүргөн жеринен куткарылып мекенине алынып келинген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз