Воскресенье, 24 ноября

Өзбекстан менен Түркия соода көлөмүн 5 миллиард долларга чыгарууга камданууда

0

Пандемияга карабастан Өзбекстан менен Түркия сода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард доларга чыгарууга аракет кылууда. Бул багытта Түркия Өзбекстандын Самарканд шаарында консулдук ачууга камданууда.

Өзбекстан өкмөтүнүн маалыматына ылайык, Түркиядан техникалык жардам алуу жана ал жактан алдыңкы эксперттерди тартуу үчүн өзбек өкмөтү атайын токтом кабыл алган. Өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагынын инфраструктурасын жакшыртууда, сейсмологиялык коопсуздукту камсыз кылууда жана заманбап жол куруу технологиясы боюнча түрктөрдүн тажрыйбасынан пайдалануу максат кылынууда. Түркиянын «электрондук өкмөт» (E-Devlet) тармагындагы жетишкендиктери да өзбек өкмөтүн кызыктырууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз