Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кызматын токтотту. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси Турдуназир Бекбоев да кызматын тапшырды. Тийиштүү буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, жогоруда аты аталган мамлекеттик кызматкерлер “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешти шайлоо тууралу” мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ылайык кызматын тапшырган. Буга ылайык Дыйканбаев жана Бекбоев, 21-августтан шайлоо жыйынтыгы чыкканга чейин кызматын токтотушту.