Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарындагы «Жаштык Аренада» «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара жаштардын өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого, алардын коомдук-саясий жана социалдык процесстерге катышуусун кеңейтүүгө арналат.
Форумга активдүү жаштар, студенттер жана жаш лидерлер катышып, Кыргызстандын келечеги жана өнүгүү багыттары боюнча өз ойлорун, сунуштарын ортого салышат.
Форумга катышууну каалагандар каттоодон өтүү үчүн өздөрүнүн жогорку окуу жайларына кайрылышы керек.
