Университеттердеги келишимдик негизде билим ачуу үчүн бош орундарга абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрликтин маалыматына караганда, жалпы республикалык тестиртөөлөгө катышкан абитуриенттер 22-августтан 27-августка чейин жогорку окуу жайларга тапшыра алат.
22-27-август саат 14:00гө чейин өтүнмөлөрдү берүү.
28-29-август саат 17:00гө чейин ЖОЖдо билим алуу ниетин тастыктоо керек.
Кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт. Ал үчүн абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg/сайтында катталышы керек.