Беларустагы бийликчил «Пул первого» «Телеграм» каналы жана ОНТ телеканалы Президент Александр Лукашенконун автомат көтөрүп жөргөн видеосун жарыялады. Александр Лукашенко Минскидеги резиденциясына тик учак менен учуп келип курал кармаган боюнча өзүнүн резиденциясын текшерип жөнөгөнү байкалат. Анын жанында уулу да жүргөнүн көрүүгө болот.
23-августта оппозициянын «Жаңы Беларустун жүрүшү» деп аталган акциясына болжол менен жүз миңден ашуун адам чыкты. Бул тогуз жарым миллион калкы бар Беларустун тарыхындагы эң ири акция болуп калды.
Шайлоодон кийин митинг өткөрүүнү уланткан беларустар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылууда.
Бийликчил массалык маалымат каражаттары демонстраттары мамлекеттик резиденцияга кирүүгө аракет кылышканын жазып чыгышты.