Пятница, 17 мая

БШК шайлоого 16 гана партияны катыштырышы мүмкүн

0

Жогорку Кеңешке шайлоого аттанган партиялардын 17си БШКга талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди тапшырып үлгүрдү. Бирок «Актив» партиясы азыркыга дейре шайлоо фондун төлөбөгөндүктөн шайлоого катышып катышаары белгисиз болууда.

Эрежеге ылайык, партиялар 24-августта кечки саат алтыга чейин тизмесин жана документтерди тапшырып, жарышка расмий уруксат алууга тийиш.

Төмөнкү 16 партия БШК койгон талаптардын барын аткарган:

«Кыргызстан»,

«Биримдик»,

«Бир Бол»,

«Республика»,

«Ата Мекен»,

«Мекеним Кыргызстан»,

«Мекен Ынтымагы»,

«Мекенчил»,

«Реформа»,

«Социал-демократтар»,

«Ыйман Нуру»,

«Бүтүн Кыргызстан»,

«Замандаш»,

«Чоң Казат»,

«Ордо»,

«Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз