Вторник, 14 мая

Ата-энеси белгисиз балдарга жөлөкпул төлөнөт

0

Кыргызстанда атасы менен апасы белгисиз болгон балдар үчүн ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулдун жаңы түрү киргизилди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, быйыл ал жөлөкпулдун төлөмдөрү үчүн 336 миң сом талап кылынат (ар бир балага 2 миң сомдон).

«Жөлөкпул арыз түшкөн айдан кийинки айдан тарта териле баштайт. Эгер арыз август айында түшсө, жөлөкпул 1-сентябрдан тарта бериле баштайт», — деди ал.

«Жылына ал жөлөкпулдун төлөмдөрү үчүн 1 млн сомго жакын каражат керектелет», — деди ал.

Улукбек Кочкоров, учурда Кыргызстанда атасы менен апасы белгисиз болгон 42 бала бар экенин маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз