Суббота, 18 апреля

«Кыргызстан» партиясынын айынан БШК сынга кабылды

0

Шайлоого катышаарын жар салган партиялардын өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер, БШК «Кыргызстан» партиясы кеч келсе да каттаганын айтып нааразы болууда. Активисттер БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин тапшырганын так көрсөтүүнү талап кылышты.

БШК топтолгондорго имараттын кире беришинде коюлган камерадан алынган видео жана партиялардан келген документтерди каттоо журналы көрсөттү. Камерадан алынган видеодогу убакытка караганда «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү документтерди мыйзамда белгиленген сааттан кыйла кеч алып киришкен.

Ошондой эле партиялардан келген документтерди каттаган журналда дагы «Кыргызстан» партиясы тизмени тапшырган убакыт кол менен 17.59 деп оңдолгону байкалат. Бирок БШКнын мүчөсү видеокамеранын сааты 13 мүнөт алдыда экенин айтты.

БШК шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну эрежеге ылайык, 24-августта саат 18:00дө токтотот.

Шайлдабекова маселени БШКнын жумушчу тобу 24 сааттын ичинде карап чыгарын билдирди.

24-августта саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин тапшырганын жарыялаган, алардын арасында «Кыргызстан» партиясы да бар делген.

Көп өтпөй социалдык тармактарда «Кыргызстан» партиясы документтерин мыйзамда белгиленген убакыттан кеч алпарып, маселени жең ичинен чечүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат тараган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз