Четверг, 2 мая

Covid-19. Бишкекте азайды, Жалал-Абадда көбөйдү

0

Кыргызстанда 25-августка карата коронавирус жуккан жаңы 119 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинне 48 адам коронавирус жуктурса, 71 — пневмонияга кабылган. Бул тууралуу онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 245 адамга жетти.

Көрсөткүчтөр Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны азайганы менен Жалал-Абадда көбөйүп жатканынан кабар берет.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 15
  • Ош – 8
  • Чүй облусу – 4
  • Ош облусу – 15
  • Талас облусу – 4
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 12
  • Жалал-Абад облусу – 39
  • Баткен облусу – 19.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз