Пятница, 17 мая

Чиновниктердин чыгашалары менен кирешелери катуу көзөмөлдөнөт

0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун иштеп чыгышканын айтты. Бул тууралуу Сагынбаев президент Сооронбай Жээнбековго доклад кылды.

Ал Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында эки жыл аралыгында республикада жүргүзүлгөн коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы чыгарылаарын, ошондой эле Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоору каралып, бекитилээрин маалымдады.

«Аталган мыйзам долбоору менен иштиктүү антикоррупциялык механизмдер киргизилет жана бардык деңгээлдеги чиновниктердин чыгашалары менен кирешелерине көзөмөлдөө олуттуу катаалдаштырылат. Аны кабыл алуу менен биздин декларациялык кампания бир топ эле натыйжалуу болот», — деди Дамир Сагынбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы алмашылып жаткан тенденциялар коррупция менен күрөшүүдө жаңы ыкмаларды талап кылып жатканын айтты. Жаңы антикоррупциялык стратегияда актуалдуу багыттардын бардык комплексинин камтылышы маанилүү экенин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз