Воскресенье, 19 мая

Жума намазга уруксат берилди, бирок..

0

Кыргызстан мусулмандары диний башкармалыгынан маалымдагандай, Кыргызстанда жума намаздарын мечиттен окууга уруксат берилди. Бирок Муфтият жума намаздарын мечитте окууга келгендер сактык чараларын бекем сактоого тийиш экендигин билдирет. Ал эрежелер төмөндөгүлөр:

— күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат;

— мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек;

— мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл;

— жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

— даарат жана сүннөт намаздарды үйдөн окулушу керек;

— жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;

— мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат;

— жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат;

— ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү керек.

Кыргызстанда 2600дөн ашык мечит бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз