Пятница, 22 ноября

«Кыргызстан» партиясы боюнча соттун чечими БШКга жаккан жок

0

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы жазган арызын канааттандырды. Мурдараак БШК, документтерди кечигип тапшырды жана ыйгарым укуктуу өкүлү келген жок деген жүйө менен «Кыргызстан» партиясынын документтерин кайра кайтарган. «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган.

БШК «Кыргызстан» партиясына карата соттун чыгарган чечимине макул эмес. БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов, партиянын арызын четке кагыш үчүн сотто негиздүү далилдер болгонун жогорку инстанцияга кайрылып кайрылбоо маселесин , БШКнын мүчөлөрү атайын отурумда талкуулашаарын айтты.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз