Воскресенье, 19 мая

Өкмөт кышка даярбы?

0

Жай бүтүп күз башталып жатса да, элдин ою кыштан аман-эсен чыгуу эмеспи. Өкмөт да кыштын камын көрө баштады. Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, Кубатбек Боронов калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экенин айтты.

«Улутттук энергохолдинг компаниясы» ААКтын маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине 1 млн 110 миң тонна көмүр керек. Анын 760 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөн, 350 миңи импорт. Кара-Кече көмүрүн ташып келүү иштери план боюнча жүрүүдө. Импорт отуну боюнча тендер жүрүүдө.

Өкмөт башчы импорт көмүрүн ташып келүү иштери боюнча тармактык мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

«Импорт боюнча март-апрель айларында эле тендерлерди өткөрүү, келишимдерди түзүү иштери башталыш керек болчу. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүбүз керек. Бишкек шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылууда энергетикалык объектилердин жетекчилери жооптуу», — деп Кубатбек Боронов тийиштүү жетекчилерге катуу эскертти.

Премьер-министр алдыдагы жылуулук сезонуна сапаттуу даярдык көрүү жана өндүрүштүк объектилерди энергетика жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого тийиштүү бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз