Воскресенье, 19 мая

Үч күндөн кийин Жогорку Кеңеш жыйынга чогулат

0

Жайкы эс алуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент ишин жандандырат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясы 30-июнда ишин аяктап, жайкы эс алууга кеткен. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков бул сессияда парламент 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алганын айткан.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагында шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз