Пятница, 17 мая

Сизге жукпаса да коронавирус психологияңызга терс таасир этет

0

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус жаңы тип коронавирус себеп болгон санаа жана коркуунун миллиондогон адамдын психологиясына тескери таасир тийгизгенин бегиледи.

Гебрейсус ДССУнун Швейцариянын Женева шаарындагы пресс -жыйында эпидемиядан улам социалдык алыстоо көптөгөн адамдын психологиясына терең таасир тийгизгенин баса белгиледи.

Гебрейсус «санаа жана коркуу менен катар психикалык саламаттык кызматтарындагы кемчиликтерден улам коронавирус миллиондогон адамдын психологиясына таасирин тийгизди», — деди. Ал карылар үйү жана психикалык оорукана сыяктуу мекемелердеги адамдардын коронавирус коркунучу астында экенин баса белгиледи.

Гебрейсус «психикалык саламаттык ансыз да дүйнөлүк масштабда унутулган бир маселе эле. Бир миллиардга жакын киши психикалык көйгөйдү жашап жатат. Жыл сайын 13 миллион киши ашыкча ичимдик  ичүүдөн каза болуп жатат. Ар бир 40 секундда бир киши жанын кыюда», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз