Суббота, 21 сентября

Түркиянын согуш учактары гректердикин кубалап бутага алды (Видео)

0

Түркиянын Коргонуу министрлиги маалымдагандай, кечээ Грециянын алты F16 согуш учагы Түркиянын кемелери жүргөн аймакка учуп келишкен. Грециянын Крит аралынан учуп чыккан бул 6 согуш учагы Түркиянын учактары тарабынан жолу торолуп, аймактан сүрүлүп чыгарылган.

Грециянын F16 согуш учактары мунай жана газ кенин табуу үчүн изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан түрктөрдүн кемелери жайгашкан аймакка кирип барышкан.

Түркиянын Коргонуу министрлиги тараткан видеодо Түркиянын согуш учактары Грециянын согуш учактарын кубалап бутага алганын көрүүгө болот.

Түркиянын коргонуу министрлиги мындан ары да Жер ортолук деңиздеги өзүнүн кызыкчылыктарын чечкиндүү түрдө коргой турганын маалымдады.

Греция Түркиянын Жер ортолук жеңизде кен байлыктардын чалгындоо ишин жүргүзүүсүнө каршы болуп келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз