Воскресенье, 19 мая

“Кыргызстан” партиясы: “БШК мыйзамды бузду”

0

Документтери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынбаган «Кыргызстан» партиясы маалымат жыйынын уюштурду. Партиянын жетекчиси Канатбек Исаев, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун чечимин аткарбастан мыйзамды бузуп жатканын билдирди.

Канатбек Исаев БШКнын буга чейинки кемчиликтерин да кыйытып айтты. Анын айтымында, буга чейинки парламенттик жана президенттик шайлоолордо добуш сатып алуу, шайлоо фондунан тышкары каражаттарды колдонуу фактылары көп эле жолу катталган. Бирок БШКнын ушул эле курамы эскертүү берүү менен чектелип келгенин, ал эми “Кыргызстан” партиясын техникалык ката үчүн жарыштан четтетүүгө аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

“Бишкектин административдик соту биздин жүйөлөрдү эске алып, адилетүү чечим кабыл алды. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл албай жатат. Бул ишке Жогорку сот гана чекит коет жана биз шайлоого катышабыз деген ойдомун”, — деди Исаев.

“Кыргызстан” партиясынын дагы би мүчөсү Талант Мамытов соттун чечими дароо күчүнө кирерин, эгер чечим аткарылбаса кылмыш жоопкерчилиги каралганын айтты.

Мурдараак БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы Жогорку сотко кайрыларын маалымдаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз