Четверг, 19 сентября

Баткен: Чегара чырынан кыргызстандык милицияга ок жаңылды

0

Кыргызстан менен Тажикстандын чегарасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылганы угулду. Журналист Феруза Аскарбекова жеринен билдиргендей, чегарада абал кайрадан курчуп кетти. Анын маалыматтарына ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүлөргө карабастан, чегара тартиби сакталбай жатат.
“14-март саат 16:00 чамасында Баткендин Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чегара тилкесинде кайрадан ок атышуу орун алып, кыргыз милиция кызматкери жарадар болду. Бул инцидент КРнын Биринчи вице-премьер министри Жеңиш Раззаков барган учурда болду”,- деди Аскарбекова.
Буларга кошумчалап ал, жарадар болгон милиция кызматкерин ооруканага жеткирүү көйгөй жаралганын, аны жакын турган Самаркандек айылындагы ооруканага жеткире алышпай (анткени жол жабык) Баткен облустук ооруканасына жеткирүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.
Ош-Баткен-Исфана жолун 13-марттан тартып тажик тарап тосуп салышкан. Жол ачылбай, Лейлек району менен каттам токтоп калган. Тосулган жолдун эки тарабындагы жүргүнчүлөргө тамак аш Ак-Сай айыл өкмөтүнө кошуна айылдардан жеткирилүүдө.
“Чогулган эл чегарачылардан курал-жарактарды алуу аракетин көрүп, күч түзүмдөрүнүн буйругуна баш ийбей жатканы байкалууда”,- деди журналист.
Ал арада, Ак-Сай айылынан тургундар көчө баштаганы тууралуу маалыматтар соцтармактарда чыга баштады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз