Четверг, 19 сентября

Баткендеги чегара чырында ок тийген кыргызстандыкка операция жасалды

0

13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургуну октон жарат алып, ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта ага операция жасалды. Ал жарат алгандан кийин эле Баткендеги Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Соцтармактарда жарат алган жаран Ак-Татыр айылынын 1986-жылкы тургуну Нурбек аттуу бала болгону жазылууда. Журналист Бозулан Ысаков өзүнүн фейсбуктагы баракчасына мындай маалыматтарды жазды: “Менин Болот деген иним жогорудагы балага ок тийгенде 10 метр жакын жерде болгон экен. «Ок тийип жыгылды. Чуркап келип тургузсак, басып кетти. Ок ичине тийиптир», — деди Болот. Буга чейин маалым болгондой, жаңжал Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай-Тамдык автоунаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган. Ушул тапта Ворух анклавынын тургундары Ош-Исфана жолунун Жака-Өрүктөгү бөлүгүн жаап алышканын кабарлады. Кыргызстандын чегара кызматы жаңжалдашып жаткан тараптарды тынчытуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышканын билдирди. Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу. Эки өлкө чек арачыларынын түшүндүрүү иштеринен кийин чогулгандар тарай башташкан. Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Алар коңшу элдердин ынтымагын бекемдөө үчүн чек арадагы абал жөнгө салынышы керектигин белгилешти. Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 976 чакырымды түзсө, анын 504 чакырымы тактала элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз