Понедельник, 13 мая

«Адинай» паркында веложүрүш өттү

0

Бишкекте бүгүн “Ден соолук веложүрүшү” болуп өттү. Ага ар кандай курактагы 300гө жакын жаран катышты.

Веложүрүш «Адинай» жаңы паркынын түндүк тарабынан башталып, катышуучулар Ч.Айтматов проспектиси менен жогору чыгып, «Орто-Сай» айылына чейин барды. Ал жактан Байтик-Баатыр жана Токомбаев көчөлөрү менен түшүп, иш-чара башталган жерге кайтып келишти. Веложүрүштүн узундугу 10 чакырымды болду.

Велосипедчендер колоннасын Бишкек мэри Азиз Суракматов жетектеди. Шаардык муниципалитеттин башчысы катышуучулар менен саламдашып, бишкектиктерди келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн велоколоннанын ичинде аралык 1,5-2 метрге сакталып, велосипедчендерди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо шаардык башкармалыгынын үч унаасы жана Саламаттык сактоо министрлигинин тез жардам кызматынын бир унаасы коштоп жүрдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз