Воскресенье, 19 мая

Сирияда 100 миңге жакын киши дайынсыз жоголду

0

Сирияда согуш башталгандан бери 99 479 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу «Адам укугунун Сириялык түйүнү» (SNHR) аттуу уюм маалымдады.

Бүгүн дайынсыз жоголгондордун эл аралык күнү.

SNHR уюму даярдаган отчетто 2011-жылдан бери Башар Асаддын бийлиги 84 371 адамды уурадаганы айтылды. Ал эми оппозициянын маалыматына ылайык Асад бийлигинин түрмөлөрүндө 500 миңден ашык киши кармалууда.

2011-жылдан бери ДЕАШ террордук уюму 8 648 кишини уурдады. Ошондой эле YPG/PKK террордук уюмунун колунан 2 056 киши дайынсыз жоголду. Асадга каршы күрөшкөн куралчан оппозиция 2 397 кишини жок кылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз