“Баштан башта” аттуу кыймыл Жогорку соттун имаратынын алдында митинг өткөрүүнү пландоодо. “Таза шайлоо үчүн” деген аталыштагы тынчтык митинги түштөн кийин өтмөкчү.
“Баштан башта” кыймылынын лидери Улан Үсөйүн бийликтен 4-октябрдагы парламенттик шайлоону таза уюштуруучуну талап кылышаарын айтты.
29-августта “Таза шайлоо үчүн” биримдиги түзүлгөн. Ага жарандык активисттер, коомдук уюмдар жана айрым саясий партиялар кошулган.