Четверг, 25 апреля

Жээнбеков: Шайлоодо жеңилгендер тарапташтарын көчөгө алып чыкпасын

0

Бүгүн, 1-сентябрда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги отурумунда Президент Сооронбай Жээнбеков «Жеңилүү ызасына алдырып, тарапташтарды көтөрүп, көчөгө алып чыккан эски көрүнүштөрдү таштайлы. Жарандарды ыплас саясий оюндарга тартпайлы. Анткени, дал ушундай тескери аракеттер кандай гана өлкө болбосун, артка тартат. Биздин өлкөнү да аксатат», — деди.

«Шайлоолордун таза өтүшү — өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты. Буга баарыбыз жоопкербиз. Шайлоонун ачык өтүүсү камсыздалат жана кепилдик берилет деп Президент катары мен буга чейин айтып келгем. Айтканымды аткарып келе жатам жана аткарам. Президент катары мамлекеттин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, эл биримдигин, тынчтыгын сактоо — менин негизги милдетим. Ошондуктан саясий партияларды, алардын жактоочуларын, командалардын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу аракеттеринен алыс болууга чакырам», — деп баса белгиледи өлкө башчысы.

«Шайлоону элдин жашоосуна бүлүк салбай, мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей өткөрүүгө милдеттүбүз. Саясий күчтөрдүн элди бөлүүгө, коомдогу тынчтыкты, жарандардын укугун бузууга жол берилбестигин дагы бир жолу эскертем», — деп баса белгиледи Президент.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз