Четверг, 2 мая

Хаманеи: БАЭ ислам дүйнөсүн жана Палестинаны сатты

0

Иран Ислам Республикасынын диний лидери Али Хаманеи «Бириккен Арап Эмираттары (БАЭ) ислам дүйнөсүн, арап өлкөлөрүн жана эң негизгиси Палестинаны сатты» деген пикирин билдирди.

Израиль менен БАЭнин мамилелеринин жакшырышы боюнча өз оюн айткан Али Хаманеи, Абу Даби сионисттер үчүн аймакты ачып берип жатканын, БАЭ бийлиги палестиналыктардын көйгөйүн унутканын, АКШ президенти Дональд Трамптын үй-бүлөсү менен бирге ислам дүйнөсүнүн кызыкчылыгына каршы келген чечим кабыл алганын айтты.

Али Хаманеи, жакын арада БАЭ бийлиги эсине келет деп үмүттөнөөрүн баса белгиледи.

БАЭ – Израиль менен мамилелерин калыбына келтирген үчүнчү арап өлкөсү болуп калды. Буга чейин Египет (1979-жылы) жана Иордания (1994-жылы) жөөт мамлекети менен карым-катнашын жандандырган. Башка арап жана мусулман өлкөлөр Палестинанын жерлерин басып калган Израиль менен мамилелерин токтоткон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз