Пятница, 17 мая

«Медиа Полиси»: журналисттерге карата укук бузуулар уланууда

0

Массалык маалымат каражаттарынын жана журналисттердин абалына көз жүгүткөн «Медиа Полиси» институту ММК тармагындагы акыркы абал тууралуу өзүнүн маалыматын жарыялады.

«Медиа Полиси» институтунун маалыматына ылайык, август айында Кыргызстанда сөз эркиндигине байланыштуу 12 укук бузуу болгон жана 3-августтан 27-августка чейин ММКларга жана журналисттерге карата ар кандай укук бузуу фактылары катталган. Ал фактыларга «Меместан» баракчасынын бузулушу, өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин Бишкекте кармалып, кийинчерээк Ташкентке өткөрүлүп берилиши, айрым журналисттердин Интернеттеги пикири үчүн күч органдарына суракка чакырылышы, «Азаттык» радиосунун шайлоону талкуулаган «Эксперттер талдайт» программасын ЭлТР телеканалынан көрсөтпөй коюшу сыяктуу 12 окуя кирген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз