Четверг, 2 мая

Казакстанда өнүгүүнүн жаңы стратегиясы жарыяланды

0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөсүнүн мындан ары кандай өнүгө турганын көрсөткөн стратегияны казак элине сунду. «Жаңы реалдуулукта Казакстан: кадам таштоо мезгили» деген стратегияда Токаев айрым сунуштарды айтты.

Казак президенти башкаруу системасынын эффективдүүлүгүн жана экономиканы жогорулатуу, өндүрүштү көбөйтүү, айыл чарбаны өстүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, финансылык чөйрөнү ирээтке келтирүү, казакстандыктардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча айрым сунуштарды айтты.

Касым-Жомарт Токаев жарандарга сапаттуу билим берүү, саламаттык сактоо тармагын бекемдөө, демографиялык абалды жөнгө салуу боюнча да пикирин билдирди. Токаев саясий реформалар жарандардын мамлекеттик башкарууга мындан да көп катышуусуна багытталышы керек деген пикирин айтты. Бирок булардын барына жетүү үчүн санариптешүүнүн эң негизги ролду аткараарын баса белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз