Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында сыналгы жана телефону жокторду аныктаган.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бидиргендей, буга чейин төртүнчү чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган.
Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында дагы 1928 телевизор жана 31 143 смартфон менен окуучуларды камсыздады.
Билим берүү жана илим министрлиги сыналгы жана смартфон жетишсиз болгон окуучуларга жардам берүү иштерин жергиликтүү бийлик менен демөөрчүлөрдүн жардамында жүргүзүүнү улантууда.