Пятница, 3 мая

Окуучулардын кышкы каникулунун жадыбалы белгилүү болду

0

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылдарындагы окуучулардын күзгү, кышкы, жазгы каникулунун графигин жарыялады. Мектептер күзгү каникулга 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин тарамай болушту. Тагыраагы, бир жума эс алышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, кышкы каникул жылдагыдай 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 11-январына чейин созулат. Ал эми жазгы каникул 2021-жылдын 22-мартынан 30-мартка чейин деп белгиленди. Ал эми жайкы каникул 25-майдан тарта баштала турганы божомолдонду.

«Үчүнчү чейректе 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул мөөнөтү берилет. Бирок анын баары райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары менен макулдашылат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Быйыл өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам мектеп окуучулары жайкы каникулга 30-майда тарашкан. Жаңы окуу жылын 1-класстардан башкалары дистанттык формада башташты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз