Лондондун соту адвокат Джеффри Найстын арызын кабыл алды. Джеффри Найс Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном аймагындагы уйгурлардын геноцидке дуушар болгонун жактоодо. Найс Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин талабына ылайык сотко ушундай кайрылуу жөнөткөн.
Сот бул ишти 2021-жылдын алгачкы чейрегинде карамакчы.
Укук коргоочулар Пекин бийлигин жоопко тартууда бул соттук жараян маанилүү ролду аткарат деп айтууда.
Чыгыш Түркистан деген ат менен да таанымал болгон Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном аймагында 11 миллионго чукул уйгур жана башка түрк тилдүү элдер жашайт.
Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары жана укук коргоочулар бул аймакта мусулмандардын укугунун тебеленгенин, диний жайлардын жабылып, намаз жана Куран окууга тыйуу салынганын баймабай айтып келишет.
Адам укугун коргогон Human Right Watch уюму 2018-жылы өзүнүн отчетун жарыялап, анда Кытайда мусулман элдердин мажбурлап жашаган жеринен көчүрүлгөнү, себепсиз кармоолор аркылуу миңдеген мусулмандардын түрмөгө камалганы же тарбия лагерлерине жөнөтүлгөнү жөнүндө айтылат. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча түрмөлөрдө жана тарбия лагерлеринде 1 миллиондон ашык мусулман кармалууда.