Суббота, 18 мая

Бекен Назаралиев кыргыз интеллигенциясынын өкүлү

0

Адабиятка ар бир калемгер өз жолу менен келет. Бекен Назаралиев 90-жылдардан баштап аралаша баштаган. Коомчулукка ал адегенде курч макалалары менен журналист катары таанылды. Кесиби сүрөтчү болгондуктан, сүрөт өнөрү менен журналистиканы айкалыштырып, “Кыргыз руху” гезитинин кызматкери катары ал даярдаган саясий темадагы коллаждар чыкканда Ак үй, Көк үй тарап ызы-чуу болуп эле жатып калуучу. Коррупционер губернаторлор, министрлер, акимдер жөнүндө Бекендин макаласы жарык көргөндө гезиттин ошол санын окурмандар талашып окуй турган. Маселени кабыргасынан коюп, курч жазылган Бекендин макалаларынын негизги максаты — чындыкты айтуу боло турган. Ошол үчүн эл аны колдон колго өткөрүп окушчу.

Ооба, чындыкты айтыш үчүн нечен жолу өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, оттон-суудан кайра тарткан жок. Бийлик артынан түшүп куугунтуктаган, мертинтип коё жаздаган күндөрү болду, бирок Бекен беттеген максатынан кайра тарткан жок. Ал токтоо, оор-басырыктуу мүнөзү менен андай кысымдарды башынан далай өткөрүп, баарын көтөрдү. Жеңил-желпи журналисттерге, укук коргоочуларга окшоп чуу көтөрүп, коомчулукту дүрбөткөн жок. Болбосо, кан күйүп жаткан Чеченстанга ат арытып, жол карытып ким барат эле? Бекен барды, ок-дары жыттанган окопторду, жанын оозуна тиштеп, салгылашып жүргөн жоокерлерди өз көзү менен көрдү, кан жыттанган майдан талаасында болду. Мунун баары анын журналист катары да, жазуучу катары да калыптануусуна өз таасирин тийгизген. Ал чыгармаларында да ар дайым чындыкты айтууга умтулат. Муну анын “Кун “ повестинен да байкайбыз. Негизи адабий чыгарма үчүн эскирген материал, же эскирген тема деген болбойт. Мына, Орусияда Гузель Яхинанын “Зулейха көзүн ачууда” романы мындан 90 жыл мурдагы окуяларды камтыйт. Адабият окулбай калды, элдин баары виртуалдык дүйнөнүн кумарына кирип, ошону менен жашап, көбү өз алдынча ойлоно албай, мээси иштебей интернетомания менен ооруп, маңкуртка айланып баратат деген кезде бул роман сенсация болду, чет тилдерге которулуп, “Большая книга”, Ясная Поляна сыяктуу мартабалуу сыйлыктарды алып, адабияттын кадыр-баркын көтөрүп, көркөм сөздүн күчүн дагы бир жолу далилдеп, сөзгө болгон ишенимди арттырып, окурмандардын зор кызыгуусун жаратууда. Ушул ыңгайдан караганда Б. Назаралиевдин “Кун” (2019) повести бизди мындан кырк жыл мурдагы, токсон жыл мурдагы тарыхый окуяларга алып барат.

30-жылдардагы тап күрөшү, же басмачылар менен болгон согуштар адабий классикага айланган Т. Сыдыкбеков, К. Баялинов, К. Жантөшевдердин повесть, романдарында кеңири чагылдырылган. Андан кийин Жазуучулар союзунун дежурный тизмесине кирип, көтөрмөлөнүп, жасалма макталып жүргөн, жогорудагы классиктерди туурап жазган Ш, Бейшеналиев, С, Өмүрбаев, Ш. Абдраманов, Ж, Мавлянов, К. Осмоналиев сыяктуу эпигондор тап күрөшү, оң каарман, коммунисттин образы, жумушчу темасы, социалисттик жашоо ыңгайы деген сыяктуу партиялык идеологиянын саясатынын маңызын түзгөн проблемаларды жазып, бийликтин колдооосуна ээ болуп, Эл жазуучу наамын бийликтен алганы менен нукура элдик жазуучу боло алышпай жүрүп өтүштү. Социалисттик реализмдин калыптанып калган догмаларынын негизинде алардын чыгармаларында бай-манаптар терс образ катары сүрөттөлүп, ал тургай шакаба чегилип, келекеленип, бир жактуу, жансыз сөлөкөт катары сүрөттөлчү эмес беле? Ш. Бейшеналиев “Даңкка жараша жүк” деп эмгек баатыры, депутат, ордендин баарын алган чабанды жазса эле, же С, Өмүрбаев “ Алтын жылдыз”, “Өзгөргөн өрөөн”,”Өрттүү кечүү” деп койсо эле, же Ж. Мавлянов коммунистти, Ш. Абдраманов жумушчуну жазса, К. Осмоналиев “Көчмөндөр кагылышында” тарыхты каалагандай бурмалап койсо эле мыкты чыгарма жаралып калбайт да. Кеп аталган жазуучулардын шаблондуу ой жүгүртүп, схемалуу образ тузгөнүндө болуп жатат. Каармандар күн мурунтан эки тарапка бөлүнүп, ак, кара түскө боёлуп, бири “жакшы” деп мүнөздөлсө, экинчиси “жаман” болуп чыга келет. Тарыхты бурмалап, үстүрт, бир жактуу чагылдыруу “салты” кийин Э. Турсуновдун “Балбай”, Ж. Токтоналиевдин “Хан Ормон”, А. Муратовдун “Сунулган баш, суурулган кылыч…” романдарында улантылды.

Б. Назаралиевдин бул повестинде ошондой шаблондуу терс образдардын калыптары бузулуп, мурдагы “эл душмандары” өзүнө таандык адамдык сапаттары, мүнөздөрү менен таамай сүрөттөлгөн десек болот. Болбосо Жаныбек казы, же Рахманкул хан жөнүндө айрым бир үстүрт маалыматтар болбосо, бул тарыхый инсандар тууралуу жазуучулар эмес, тарыхчы адистер да жарытылуу эч нерсе айта элек. Повесттин каарманы Мундузбек Советтик аскерлердин катарында Афганистанда кызмат кылып жүрүп, боевиктерге колго түшүп калат. С. Алексиевичтин “Калай табыттагы балдар” документалдуу повести менен дүйнөгө дүң болуп, бул согуштун жашыруун “сырларынын” бардыгы ачылып шардана сөз болду. Б. Назаралиев афган согушун баяндоону мотив катары гана пайдаланган, анткени чыгармада сөз советтик аскерлер менен афган боевиктеринин ортосундагы согуш, анын кайгы-кубанычы эмес, триумфу жана трагедиясы эмес, ретроспективдүү ыкма менен Кыргызстанда совет бийлигинин орношу, басмачылар менен болгон согуш тууралуу бяндайт. Б. Назаралиевдин бир өзгөчөлүгү ал тарыхый мезгилге обьективдүү баа берип, калыс карайт. “Советтер бийлиги кыргызга жакшылык кылган жок, басмачылар болгондо кыргыз космоско учмак” деп өткөндү каралап, басмачыларды көкөлөтө мактабайт. Ата, бала менен бир туугандар ага, ини болуп тирешип, бири жаңы бийлик үчүн жанын берип, экинчиси эски турмушту коргоп кырды бычак болуп, көз караштары, пикирлери келишпеген тарыхый учурду автор схемага салбай жаңы аспектиден караган. Анткени жазуучу сүрөттөп жаткан турмушун дыкаттык менен изилдеп, каармандардын жан дүйнөсүн нагыз сүрөткер катары чагылдырып, жандуу образдарды жараткан. Тыныбек ажы атасын, агасын өлтүргөн тууганы Асанкулдан алынбай калган кекти анын тукуму Мундузбектен алмай болот. Повестте ага чейин Рахманкул хан Советтик аскерлер Афганистанга басып киргенде ал элин аман сактап калыш үчүн Американын, Түркиянын элчиликтерине кайрылып, кандай кыйынчылыктар менен көчүп кеткени, Рахманкулдун эч бир кыйынчылыкка моюн сунбаган, көздөгөн максатына жетмейинче жаны тынбаган эрктүү, кайраттуу киши экендиги таамай сүрөттөлгөн. Б. Назаралиев каармандарын сүрөттөгөндө алардын жүрүм-турумун, башынан өткөргөн окуяларын майдалап тизмелеп отурбайт. Ал негизги жагдайларды таамай көркөм штрихтер, образдуу сүрөттөөлөр аркылуу берет. Повестте автор каармандардын речин индивидуалдуу түзө билүүгө жетишкен. Эки тууган — бири Кеңеш бийлигинин кызыл аскери Асанкул, экинчиси басмачы Тилекматтын диалогунан ачык байкалат. Асанкул: “- Эй, Тилекмат! Кана айтчы, Кудай алдында сенин колуң таза беле? Мусулман болуп беш маал намаз окуганың менен канча адамдын өмүрүн кыйып, канчасынын канын ичкениңди, канча аялды жесир кылып, канчалаган балдарды атасыз жетим калтырганыңды унутуп калдыңбы? Анчалык тууган болуп кимибиздин маңдайыбызды жылыттың эле… Эч кимдин!

Тилекмат жанына келип калган Асанкулду карады да эрдин кесе тиштеп, заардуу тиктеп:— Атаны көрпенде десе! Асанкул, ноктолуу башта бир өлүм, туулмак бар, өлмөк бар. Кечээ эле улагада отурган сен, төрдө отурган мага акыл үйрөтүп калган заманбы? Мен сага тизе бүгүп, жан соогалап жаткан жокмун. Андан көрө өз жүрөгүмө бычак сайып өлгөнүм артык. Бир бутум көрдө турган чакта, өлүмдөн корко турган деле эч нерсем калган жок го. Шайтан жолдон азгырып, итчилик сенден кетти. Баламдын өлүмүн көрүп, кара башымды калкалап жан соога сурабайм. Өлүмдөн коркуп, бүк түшүп, бут алдыңа жыгылат деп да ойлобо! Эч качан!” (Б. Назаралиев “Кун” Б.,2018,198-б.). Туугандарды да бири-бирине кас кылган айыгышкан тап күрөшүнүн табияты бул диалогдо психологиялык жактан таамай кармалган. Повестте каармандардын ички дүйнөсүнүн өзгөчөлүктөрүн ачып берүүдө, мүнөздөрүн көрсөтүүдө автор ар кандай кырдаалдарда сынап көрүп, жандуу, элестүү образдарды жараткан.

Ал эми “Туяк” повестинде жаш адамдын калыптануусундагы процесстерди, жаштык, махабат окуяларын, алардын турмуш философиясын чагылдырат. Сыртынан караганда маданияттуу, салабаттуу көрүнгөн райис Кемел Ашыралиевич Чырмаш деген жигиттин үйүнө келип, сарайда уй саап жүргөн, он бештеги айдай толукшуп турган келинчеги Айнагүлгө асылып, зордуктайм деп жатып, жыгылып кетип курсагына айры сайылат.” Иттик менден кетти” деп Кемел Ашыралиевич Чырмаштын алдына түшөт. Көрсө, ал жүрүм-туруму жеңил-желпи, жеп-ичкенди жакшы көргөн алкы бузук неме экен. Автор аны сыртынан сыпаттабастан, конкреттүү кырдаалда көрсөтүп берет. Ага караганда Кубат жаш болсо да пейили таза, акыл-эси тунук, турмушка сергек карайт. Анын ушундай жакшы сапаттарын учурунда байкаган жеңеси да аны ичинен жактырып, экөөнүн ортосунда ашыктык оту алоолоп жанат. Турмушта адамдын өз бактысына жетүүсү ар дайым эле оңойго тура бербейт, ал көп кыйынчылыктарды, ал тургай курмандыкты талап кылган учурлар да болот. Кубат менен Айнагүлдүн жашыруун болсо да бакытка карата умтулуулары жалпы элдин тагдыры, коомдогу жагдайга жараша болмогу шарт. Ушул турмуш чындыгын автор алаканга салгандай ачып берген. Афганистанда согуш болуп жаткан 80-жылдар эле. Кубат да он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек курбалдаштары менен бирге аскерге чакырылып Афганистанга жөнөйт. Автор кан кечип согушуп жүргөн балдардын абалын, алардын энелери уулдарын күтүп кандай азап чеккенин таамай берген.

Б. Назаралиевдин “Баткен туткуну” повести документалдуу чыгарма. 1999-жылы Баткенге боевиктер кирип келгендеги болгон окуялардын негизинде жазылган. Бул повесть панорамалуу масштабы, фактылык материалдардын көптүгү, кызыктуулугу менен окурманды өзүнө тартып турат.

Себеби, повестте ошол кезде жогорку бийликте болгон көптөгөн замандаштардын аты аталган. Ошондой эле автор криминалдык чөйрөдөгү иштер, наркотрассанын ички турмушун терең изилдеп, кылмыш дүйнөсүндөгү оюндарды, кылмышкерлердин драмалуу жашоосун, тагдырынын трагедиясын Төлөгөн менен Мирзонун жашоо турмушу, кылган иштери аркылуу көрсөткөн. Наркокурьер болуп жүргөн Төлөгөн деген киши Баткенге басып кирген боевиктерге кошулуп, өз элине, жерине душман болот.

Көрсө моралдык, ыймандык деградацияга учураган кылмышкер үчүн эл, жер, мекен деген түшүнүктөр ыйыктыгын жоготуп, буюмдай эле текейден арзан болуп калат экен. Ошол эле учурда Аскар Акаев башында турган коррупциялашкан бийликтин табиятын өз алднча чечим кабыл ала албай “башкы командачы билет деп” аскердик тактика, стратегиядан түшүнүгү жок колбашчыга шылтап, согуш болуп жаткан жерде казы-карта жеп, бильярд атып ойноп жаткан К. Садиев, М. Субанов, А. Чотбаев сыяктуу генералдардын салык курсактарын сылап, элди ойлоп да койбой камырабай отурган эпизоддор аркылуу жеткиликтүү берген. Эгер бардыгы кан күйүп жаткан жерде бильярд атышып, ыңгыранган, кош көңүл генералдардын колунда болсо, кыргыз жери толугу менен боевиктердин колуна өтмөк, кезинде азербайжан генералдары Ходжалыны армяндарга сатып жибергендей балким сатып деле жиберишмек беле? Бактыбыз бар экен кыргыздын патриот уулдары — Афганистанда кызмат кылган тажрыйбалуу жоокерлер, ортоңку, төмөнкү звенодогу командирлер, чыгармадагы Орозмат Рыскулов өндүү билимдүү, патриот офицерлер, канын-жанын аябаган жоокерлер тууган жерин боевиктерден сактап калды. Повестте Акмурза Зардалыдагы абал боюнча кабар бергенде токпейил генералдардын мостойгон кебетесин көрүп алардан түңүлүп, көңүлү кайт болгонун “Генералдар эч нерсе болбогондой кайрадан бильярд ойноп жатышты. Акмурза булардын согуш жөнүндө ойлобой эле бильярд ойноп жатканын көрүп жүрөгү муздап, кысыла түштү. Тиги жакта эл кыйналып жатса. Ушуларга ишенип ушунча жерден шашып келген мен да акмак!-деп Акмурза машинага барып отурду. Арданып кеткендиктенби, жини келгенденби, айтор, карегине жаш толо түштү” деп автор каармандын жан дүйнөсүндөгү процесстерди таамай кармаган, андан нары жергебизге басып кирген террористтер менен болгон согуштун бардык кыйынчылыктарын, генерал Шамкеевдин,4 япондун колго түшкөнүн, генералдын жансакчысы болгон жоокер Максаттын эрдиги, эрки, кайраты аркылуу кыргыз жоокерлеринин эрдигин, эркин, кайратын жана эли-жери үчүн жанын аябаган патриоттуулугун элестүү көрсөткөн.

Өз жерине боевиктер басып кирип жатса ошондон да акча жасап аскер билеттерин сатып, коммерцияга айланткан военкомдордун абийирсиз иштери аркылуу А. Акаев бийлигинин коррупциялашкан табиятын, анык жүзүн ачып көрсөткөн.

Б. Назаралиевдин повесттери тематикалык, проблематикалык жагынан жанрдын азыркы учурдагы өнүгүү тенденцияларынан кабар берип турат. Жазуучу адам өмүрүнүн маңызы болгон сүйүү, өмүр, өлүм сыяктуу түбөлүктүү проблемаларына жаңы ракурстан кароого умтулуп, турмуш философиясын терең изилдөөгө аракет кылган.

Аскар Медетов,

филология илимдеринин кандидаты

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз