Суббота, 18 мая

Кыргызстанда ар бир жаран 731 доллар карыз

0

Финансы министрлиги акыркы айда Кыргызстандын карызы 7,6 миллион долларга көбөйгөнүн маалымдады. Эми жалпы карызды элдин санына бөлгөндө Кыргызстанда ар бир жаран 731 доллар карыз болду.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 30 июлга карата Кыргызстандын ички жана тышкы карызы биригип 4 миллиард 824,01 миллион долларды (же 370 миллиард 267,71 миллион сом) түздү.

Тышкы карыз 4 миллиард 169,6 миллион доллар (же 320 миллиард 39,21 миллион сом), ал эми ички карыз 654,41 миллион доллар (же 50 миллиард 229,51 миллион сом) болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз