Воскресенье, 5 мая

Баткенде жер титиреди

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталганын маалымдады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 8-сентябрда саат 21:04тө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чектешкен аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн, Кадамжай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз