Суббота, 21 сентября

Бишкектен Жалал-Абадка жана Баткенге учса болот

0

15-сентябрдан тарта Бишкек-Баткен багытында учак уча баштайт. Ал эми Бишкек-Жалал-Абад багытындагы каттам 18-сентябрдан тартып жанданат. Бул тууралуу Жарандык авиация департаменти билдирүү таратты.

Учууларды «ТезЖет» аба компаниясы ишке ашырат. Баткен жана Жалал-Абадга каттамдар азырынча жумасына бир гана жолу уюштурулат.

Коронавирус пандемиясына байланэ чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Эл аралык жана ички каттамдар токтогон.

8-июндан тартып ички каттамдар жанданып, Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багытында учак учуп жатат.

Ал эми эл аралык каттамдар августтан тартып жанданып, азырынча Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына учак каттамдаруу ишке ашырылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз