Пятница, 17 мая

Кыргызстан менен Тажикстандын ИИМ жетекчилери жолугушту

0

Бүгүн, 15-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги алдында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү.
Аталган жолугушууга Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Тажикистан Республикасынын ички иштер министри Рамазон Рахимзода да катышты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кашкар Жунушалиев менен Тажикстан Республикасынын ички иштер министри Рамазон Рахимзода менен да өзүнчө жолугушуу болду. Эки ички иштер министрлеринин жолугушуусунун жүрүшүндө курч маселелер талкууланып, аларды чечүүнүн жолдору белгиленип жана тез арада колго алына турган маселелер аныкталды. Биринчиден, Кыргыз Республикасы менен Тажикистан Республикасынын ортосунда жаралган окуя боюнча таза жана калыс тергөө иштерин жүргүзүү боюнча биргелешкен ыкчам иликтөө топторун түзүү. Экинчиден, чек ара тилкелеринде жашаган жарандардын коопсуздугун, чек аранын бекемдигин сактоо, ар кандай мыйзам бузууларга жол бербөө максатында биргелешкен кыргыз-тажик милиция күчтөрүнөн турган патруль топторун түзүү менен бирге күнү-түнү патруль жүргүзүүнү тез арада колго алуу. Үчүнчүдөн, биргелешкен ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүү менен бирдикте аталган окуянын негизги күнөөлүүлөрүн аныктоо жана ага карата адилет чечимдерди кабыл алуу. Мына ушул жогоруда аталган макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу боюнча эки тараптуу иш-чаралар башталды. Ошол эле мезгилде эки тараптын Кыргыз Республикасы менен Тажикистан Республикасынын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик органдары биргелешип эл арасында аткарылып жаткан маселелер боюнча түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүү иш-аракеттери көрүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз