Четверг, 2 мая

Кыргызстан март айынан бери сырттан 338 млн. доллар акча алды

0

Кыргызстан COVID-19 пандемиясы башталган март айынан тартып азыркыга дейре эл аралык уюмдардын 338 млн. АКШ долларын алды. Анын басымдуу бөлүгү – карыз болуп эсептелинет. Алынган каражаттын ичинен 207 млн. доллары сарпталды. Калган 131 млн. доллар Улуттук банкта турат.

Өкмөт буга чейин алынган каражаттын көбү пенсия, айлык акы, жөлөк пул сыяктуу социалдык төлөмдөр үчүн жумшалганын маалымдаган.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 30-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы төрт млрд. 824,01 млн. доллар (370 млрд. 267,71 млн. сом) болду. Анын ичинен төрт млрд. 169,6 млн. доллар (320 млрд. 39,21 млн. сом) тышкы карыз. 654,41 млн. доллар (50 млрд. 229,51 млн. сом) — ички карыз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз