Пятница, 17 мая

Мадумаров: БШК өзүнүн укуктарынан аша чапты

0

Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Бул чечим менен БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылды.

Партиянын лидери Адахан Мадумаров сотко жана партиянын тарапкерлерине ыраазычылык билдирди. Мадумаров БШКнын өзүнүн укутарынан аша чабуу менен «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясын шайлоого катыштырбоо чечимин кабыл алганын, бирок соттун чечими адилеттүү болгонун айтты.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» өз талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деген жүйө менен аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын бул чечимине каршы сотко кайрылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз