Воскресенье, 19 мая

БШК Жогорку Сотко кайрылбады. «Бүтүн Кыргызстан» каттоодон өттү

0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттап, шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Кечээ Бишкектин Админстративдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттабаган БШКнын чечимин негизсиз деп таапкан. БШКнын Жогорку Сотко кайрылуусу күтүлгөн. Бирок БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоого даярдыктын катуу жүрүп жаткандыгынын айынан сотко кайрылбай тургандыгын маалымдады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоолор 4-октябрда болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз